Бишкекте бүгүн, 28-апрелде, Жеңиш паркында митинг болду. Катышуучулардын айтымында, бул өлкөдөгү ар кандай нааразычылык митингдерге каршы митинг.
"Соцтармактарда казинонун ачылышына, электр энергиянын тарифинин көтөрүлүшүнө жана башка ушул сыяктуу маселелерге нааразычылык билдирип митингге чыгуу боюнча чакырыктар көп болуп жатат. Бейөкмөтчүлөр менен айрым саясатчылар ушундай чакырык таштап, элди митингге үгүттөшүүдө. Биз буга каршыбыз, ошондуктан митингге каршы митингге чыктык", - деди катышуучулардын бири.
Ошондой эле, алар кыргызстандыктарды сабырдуу болуп, бийликтин реформасын колдоого чакырышты. Жакшы иштеп баштаган бийликтин каршылаштарынын тукуруусуна кирип, өлкөнү оор абалга кептелтип коюудан оолак болуу керектигин эскертишти.
"Керексиз чыгымдарды азайтып, каражатты энергетикалык тармакка салыш керек. Жаңы тариф менен төлөөдөн башка айла жок. Бул өлкөбүзгө болгон көмөгүбүз болот. Соцтармактарда фейк аккаунттар ар кайсыны жазып, элди адашууга түртүп жатат. Андай нерсеге каршы турушубуз керек. Провокаторлорду ээрчибейли. Бийлик жакшы иштеп жатат", - дешти катышуучулар.