Ошондуктан силерди эли-жерибиздин кызыкчылыгын алдыга койгон атуулдардан болууга чакырам, деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы өз сөзүндө жаштардын бүгүнкү күндөгү коомдогу ордуна токтолду.
Президент белгилегендей, жаштар — азыркы учурда мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу, анткени алар эбегейсиз социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалга ээ.
«Биз жаштарды экономикалык өсүштүн жана муундардын бакубаттуулугун камсыздоочу эң баалуу кадрдык ресурс катары карасак да болот. Жаштар — бул келечек ээлери. Келечек — сиздердики. Тактап айтканда, азыркы улуу муундун жасаган ар бир жакшы иши сиздердин эртеңки жаркын келечегиңер үчүн жасаган аракеттер деп билсеңиздер болот. Ошондуктан биз жасап жаткан ар кандай ишке силер кайдыгер карабашыңар керек.
Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы кабыл алган Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн өлкөнү өнүктүрүү процессине жаштарды активдүү тартуу жана жаштарга мүмкүнчүлүк түзүү зарыл экендигин биз жакшы билебиз. Бүгүн бул жерде отурган жаштар — өлкөбүздүн социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалынын өнүгүүсүнүн негизги ачкычы», - деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагына эл аралык өнөктөштөр ар тараптуу колдоо көрсөтүп, байге фондуна 6 миллион сом бөлүнгөн.
Ал Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ), БУУнун Тынчтык куруу фондуна жана башка өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаарлар» демилгесин колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Бул демилге жергиликтүү жаштардын өз региондорун өнүктүрүүгө катышууга болгон каалоосу күчтүү экендигин, балдар жана жаштар үчүн мыкты шарттарды түзүүгө муниципалитеттердин чечимдери менен программалары маанилүү жана мазмундуу салым кошо аларын көрсөтүп турат. Мындай демилгеге катышуу — балдарга кам көрүүнү, жаштардын өз алдынча өнүгүп-өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө жана ийгиликке жетүүгө умтулууну билдирет», - деди президент.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров аталган сынак бир жолку жүргүзүлгөн аракет болбостон, мамлекет финансылык жактан колдоого алган туруктуу өткөрүлө турган сынакка айланышы керектигин айтты.
«Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 256 миң 730 адамды түзөт. Анын ичинде жаштар 1 млн 610 миң 309 адамды же калктын жалпы санынын 26 пайызын түзөт. Ошол эле учурда жаштардын саны азайган тенденция байкалууда. Жергиликтүү эмгек рыногу бардык жаштарды иш менен камсыз кыла албайт. Бул аларды эмгек миграциясына кетүүгө мажбур кылып жатат», - деди президент.
Ошондуктан Садыр Жапаров жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүгүнө мамлекет өзгөчө көңүл бурушу керек экенин белгиледи.
«Кыргыз Республикасынын жаш жарандарын руханий-адептик жактан тарбиялоо жана өркүндөтүү өсүп келе жаткан муундун ата-бабалардын мурасына, тышкы дүйнө менен өз ара мамилелерине жана өз чечимдерине болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталууга тийиш. Анткени мындай тарбия жаш муунга адеп-ахлакты сиңирүү менен нарктуу инсанды, коомдун толук кандуу мүчөсүн, бекем үй-бүлөнү кура алган жоопкерчиликтүү жаранды калыптандырууга зор салымын кошот», - деди президент.
Ал маалыматтык технологиялар доорунда жаштарга туура багыт берүү керектигине, ушуга байланыштуу азыркы учурда, жаштар өздөрүн күчтүү жана гүлдөп-өнүккөн өлкөнүн активдүү куруучулары катары сезиши үчүн алардын прогресске умтулуусун күчөтүү жана патриоттук сезимин өөрчүтүү зарылдыгына токтолду.
Ошондой эле мамлекет башчысы жаштардын позитивдүү өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн жаштар программаларынын чөйрөсүн кеңейтүү жана аларды коомдук түзүмдөрдүн кеңири тармагына тартуу талап кылынарын айтты.
«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагына Кыргызстандагы 18 шаар катышкан.
Булак: Баракелде