"Ковидден вакцинацияны поликлиника жана больницаларда гана жасаган чоң жаңылыштык деп эсептейт экен украиналык медик. Себеби вакцинацияга келген соо адамдар ал жерден башка ооруларды жуктуруп алышы мүмкүн.. Ошол үчүн, ковидке каршы вакцинацияны больницалардан тышкары, " полевой" условияда, кенен жерлерде атайын убактылуу пунктарды уюштуруп жасаш керек деген пикирди айтыптыр...
Менимче, жүйөлүү сунуш. Биз да ойлонуп көрүшүбүз керек. Бишкекте мүмкүн эски аэропорттун талаасында, Спартак стадионунда чоң палаткаларды тигип, керектүү шарттарды түзүп, анан бүт каалоочуларга вакцина сайдырыш керекпи деп ойлойм. Электрондук очередь керек жазылгандарга, так аныкталган убакытка келип, 10-15 мүнөттө сайдырып, кетип калганга...
Анан да, бул маселеде бюрократия болбош керек. Азыр участковый врачтан направление алып кел деген талап коюла башташыптыр вакцинацияга. Эмне кереги бар направлениенин? Максат көбүрөөк атуулдарды вакцинациядан өткөзүүбү? Анда кайдагы направлениени таап чыктык? Бишкекте пропискасы жок ички мигранттар эмне кылыш керек?!
Өздүгүн аныктаган документи болсо болду, электрондук тизме түзүп, вакцина сая бериш керек, менимче..." - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.