Печать
Категория: Коом
Просмотров: 329

Өзбекстан менен чек арасы такталган кыргыз айылдарынын тургундары Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдиришти. Алар мурдагы бийлик тушунда чек ара маселесине көңүл бурулганынын кесепети жергиликтүү тургундарга тийип, дайыма коңшу өлкөнүн чек арачылары менен маселелер жаралып келгенин айтышты. 

"Коңшу өлкөнүн аймагы Кыргызстандын ичине кирип кеткен. Жол экиге бөлүнүп калган. Кээде биз үйүбүзгө бараткан жолдон өзбек чек арачылары тосуп алышып, бир нече миң сом айыппул төлөтүшчү. Кой, уйларыбызды канча уурдаттык. Азыр бул маселе чечилди. Чек ара аймагы такталып, тосмолор орнотулганына абдан кубанып турабыз. Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдиребиз", - дешти тургундар.