Садыр Жапаров бүгүн  “Балдар жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш чарасынын жүрүшүндө  Бишкектеги коомдук транспортторго болгон жол киренин көтөрүлүшү боюнча да пикирин билдирди. 

Ал жол киренин баасы элге ыңгайсыздык келтирбеши керектигин белгиледи. 

"Коомдук транспортторго болгон жол кире Бишкекте 2021-жылдан бери бир калыпта келатат. Мен бул маселе боюнча шаар мэрине коомчулук менен талкуулагыла дедим. Тапшырма берилди. Эл жол киреден кыйналбашы керек. Пенсия, жөлөкпулдар да жогорулай элек. Көп жылдан бери бир дагы завод же фабрика курулбаганын да, экономиканы өнүктүрүүгө аракеттер жасалбаганын да эстен чыгарбайлы. Жол киренин тарифи өзгөрсө пенсионер, студенттер жана окуучуларга жеңилдик берилиши керек", - деди президент.