Уу коргошун Манас доорунан бери кела жаткан элдик дарылануу ыкмасы болуп саналат. Манастын денеси чыңалсын деп Каныкей ичкизип турган. Бул тууралуу депутат Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдоого чакырды.
"Министр пандемия боюнча жакшы иштерди аткарып жатат. Түркия, Кытайга чейин барып келди. Депутаттар ортодон чыга калып эле интрига кылып, иштен кетиргилери келип жатат. Жакшы иштеп жаткан кишини жөн коюш керек да. Убакыт берели, көрөлү. УУ коргошунду ичкиле деген жок, сунуштап эле койду. Уу коргошун дары катары Манас доорунан бери белгилүү, Каныкей Манаска денеси чыңалсын деп берген. Кемчиликтери жок дебейм, бирок жалпысынан жакшы иштеп жатат", - деген ал депутаттарды бул жааттан да карап көрүүнү суранды.