"Бир жолу бир француз бизнесмени келиптир Нарынга, туризм тармагы боюнча. Анда алардын президенти Саркози болчу. Кечинде чайда отуруп сүйлөшүп жатып сурап калдым:

-Силердин президент Саркози еврей го?

Көпкө чейин мени түшүнбөй карап туруп: "Улуту ким экенин билбейм, бирок ал француз жана Франциянын президенти", - деп жооп берди эле... Анан мен аны көпкө чейин түшүнбөй карап калдым.  Европада улут жана граждандуулук дегенди башкача түшүнүшөөрүнө ынангам... Nationality деген алар үчүн атуулдук, кайсы мамлекеттин гражданы, граждандуулук дегенди билдирет экен, көрсө....

Кечөө бирөө дагы бир окуяны айтып берди. Японияга бир кыргызстандык орус улутундагы спортсмен кыз учуп барат. Чек арачылардан өтүп баратканда, паспортун карап, чек арачы сурайт:

- Are you Kyrgyz?

Чочуп кеткен кыз башын чайкап: " Нет, я не кыргыз. Я русская",-дейт

Анда, чек арачы таңкалат: "Паспортуңда Кыргызстан деп турат го",- деп башын чайкайт", - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.