Биз сиздерге кантип арзан жол менен садака кылууга болору тууралуу идеяларды сунуштайбыз.

1) Жай намаз жана Куран сатып алып, аны мечитке алып барып коюу.

2) Медресеге же бала бакчага жазуу тактасын сатып берүү. Жазуу тактасына болгон баалар анча кымбат эмес. Болжол менен 2000 сомдун тегерегинде деп эсептөөгө болот.

3) Мечиттерге самын же даарат кагазын алып барып коюу.

4) Кирип -чыккан жериңизге дуба жазып коюңуз, аны бирөө окуса сооп аласыз.

5) Тамак жасап, аларды контейнерлерге салып, студенттерге же болбосо көчөдө майда-барат нерселерди салып отурган чоң ата, чоң энелерге берип, аларды сыйлоо.

6) Ичи бош кооз кагаздардын (открытка) ичине Куран аяттарын жазып, жолдогуларга таратып берүү. Ким билет, бул аяттар аларга өтө жакшы таасир тийгизеттир.

7) Эгер сиз базардан же дарыканадан сатып алган нерсесин төлөөгө тыйындарын санап жаткан карыган адамдарды көрсөңүз, алар үчүн акчасын төлөп коюп, кубандырыңыз.

8 ) Кийилбеген кийимдерди чогултуп, аны буга муктаж болгондорго таратып берүү.

9) Бейтапканаларда доктурларды чакырганга “чакыруу баскычтарын” сатып берүү. Биздин бейтапканаларда медайымдарды чакырганга атайын чакыруу баскычтары болбогондуктан, оорулууларга башка бирөөнү чакырып берүүсүн суранып же кыйкырып чакырганга туура келет. Эске ала турчу нерсе: Чакыруу баскычтары 8 доллардын тегерегинде, ал эми ал чакырууну кабыл алуучу дисплей болжол менен 65 доллар. Мындан да арзаныраак тапса болот болушу керек, а балким эгер сатуучулар бул жакшы иш экенин билип калышса, арзандатып беришет.

10) Майда шуруларды сатып алып, алардын кооз теспелерди жасап, элдерге белек кылуу.

11) Сиз ишенген дүкөндүн ээси менен сүйлөшүп, ага колуңуздан келгендей суммадагы акчаны таштап койсоңуз болот. Алар сиздин аманатыңызды дүкөнгө келген колунда жок адамдарга беришет. Мисал: Менин бир таанышым үйүнүн жанындагы дүкөндүн ээси менен сүйлөшүп, жардамга муктаж адамдардын нанына ал калтырып кеткен акчадан төлөп туруусун суранган. Ал ай сайын ошол дүкөнгө кайрымдуулук үчүн 500 сомдон берип турар эле.

12) Өз бөлмөңүзгө кутуча алып, ага күн сайын акча салып туруңуз, эгер күнөө кылып алсаңыз садака бересиз.

12) Эс алуу багына чымчыктын уясын салып койсо болот. Анткени, ислам жаныбарларга жакшы мамиле кылууга үйрөтөт эмеспи.

13) Маанайы жок адамдын коңүлүн көтөрсоңүз сооп аласыз.

14) Аягында Кыргызстандагы кеңири таралган практика – азык-түлүктөр салынган чакан баштыктарды даярдап, аларды жардамга муктаждарга белек катары берүү. Бул нерсени башкалардын билүүсүнө себепчи болсоңуз да сооп аласыз.

Аллах Таала дайыма бизди мүмкүнчүлугүбүздүн жетишинче башкаларга жардам берүүбүздү насип кылсын.

О, Жараткан, бизди суроочу колдон эмес, берүүчү колдон кыла көр!

(Интернеттен алынды)