Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевден мамлекетке алынган 8 батирди сатып салган Бишкек мэриясынын кызматкери Эрик Ашыралиев 16 жылга эркинен ажыратылды. Эске салсак, экс-мэрге 2013-жылы «коррупция» беренеси тагылып, 11 жылга соттолгон болчу. Ал эми ушул жылдын февраль айында толугу менен акталган.
Маалыматка караганда, мэрия кызматкери батирлерди саткан соң качып кеткен. 2019-жылы Баткен облусунан Тажикстан аркылуу Түркияга чыгып кетээрде УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.
Ленин райондук соту Эрик Ашыралиевди 16 жылга соттоду жана 300 миң сом айып пул салды. Ошондой эле, жабырлануучу 11 адамдын пайдасы үчүн 30 миллион сом өндүрүү тууралуу чечимин чыгарды.