Печать
Категория: Коом
Просмотров: 378

"Уу коргошунду илдетке каршы сунуштоо, бейтаптарга ичирүү, бул прокурор катары айтсам, мыйзамсыз дарыгерчилик кылуу деп коет. Мындай шартта ошону айткан министрге каршы иш козгош керек. Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу деген берене бар. Отуруп алып эле өзүм кайнатам, кантип беришти өзүм билем дей берген болбойт да. Министр деген көзү ачык, лөлү же шаман эмес да", - деди Сыймык Жапыкеев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу пикирин билдирип жатып. 

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус илдетине чалдыккан 300гө жакын бейтапты уу коргошундун кайнатмасы менен дарылаганын айтып чыккан.