"СССРдин доорунда ипотека деген жок эле. Жакшы иштегендерге үй бекер берилген, андан башка кооператив деген бар эле. Анча мынча акча төлөп мамлекет үй берчу. Ипотека дегенди жоюп, илгерки кооперативдерге өтүш керек. Мамлекеттик ипотека элден пайыз албашы керек. Мамлекет ишмер адамды колдоого алышы зарыл. Мамлекет өнүгөм десе, мыкты адистерге кам көрүүгө тийиш. СССР доорундагы көп жакшы жагы бар болчу, ошолорду азыр колдонушубуз зарыл болуп турат. Өзүң сатып ал деген туура эмес жол", - деп жазды коомдук ишмер Урмат Барыктабасов соцтармактагы баракчасына.
- Категория: Коом
- Просмотров: 167