Печать
Категория: Коом
Просмотров: 392

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун Чоң-Сай (Гавасай) жергесиндеги тургундар менен жолугушту. Жергиликтүү жашоочуларга кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын акыркы жолугушуусунда жетишилген макулдашуусу тууралуу толук маалымат берилди. 

Чогулган эл Чоң-Сай (Гавасай) аймагынан Өзбекстан тараптан алынган 8000 гектар жер тилкесин дагы көбөйтүүнү, тагыраагы - мурда Кыргыз бийлиги тарабынан Өзбек Республикасына өткөрүп берилип кеткен 19200 гектар аянтты кайтарып алууну суранышты. 
 

Камчыбек Ташиев бул маселе боюнча толук маалыматы бар экенин жана айтылып жаткан 19200 гектар жер тилкесин кайра Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер жасала турганын айтты. Аны үчүн тийиштүү иштер сөзсүз түрдө жүргүзүлөөрүн баса белгиледи. 
 

Жергиликтүү жашоочулар Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, чек ара маселесин чечүү аракетин толугу менен колдоого алышты. Эл менен бирге ар бир маселеге көңүл буруп жатканына ыраазычылык билдирип, ак бата беришти.