Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айткан маалыматты президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек жокко чыгарды. Ал бул тууралуу биринчи жолу угуп жатканын айтты. 

Эске салсак, бүгүн, 26-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөргөн жана президент  Садыр Жапаров бүгүн уу коргошун тууралуу маек берээрин айткан.

Ал эми Галина Байтерек бул маалыматты биринчи жолу угуп жатканын, президенттин иш графигинде бул тууралуу эч нерсе пландалбаганын маалымат каражаттарына билдирди.

Эске салсак, короновирусту уу коргошун менен дарылоо ыкмасын алгач Садыр Жапаров өзү жарыялаган. Кийинчерээк   министр Алымкадыр Бейшеналиев аны  түз эфирде ичип көрсөткөн жана бул ыкма менен жүздөгөн адамды дарылап башташканын кабарлаган.