Печать
Категория: Коом
Просмотров: 167

Азыр ар бир адамдын сүйлөгөнү эле саясат. Үйүнүн кыйшайып калган эшиги 2 жылдан бери оңдолбой турганы менен иши жок. Сүйлөшө келсең мамлекетти кантип гүлдөтүп, өркүндөтүү жөнүндө насаат айтат. Дүйнөлүк саясатты да тим койбой: "Ошол Трампты койчу" , "Меркел кыйратпайт деле", "Путин мындай кылыш керек" деп күйбөгөн жериңди күл кылат. Эми ошол эле адамдын үйүнө барсаң , эшигинин алдындагы томуктай жери иштетилбей, алабата менен тикен басып жатат...

Карап турсаң баары эле акылман, баары эле кыйын. Баары бардыгын билет. Анан эмне үчүн мынтип кыйналып жашайсыңар десе: "Бизге шарт түзүп берген эмес", -  деп ата-энесин күнөөлөйт.

Иштейин десең иш жок деп, мамлекетти күнөөлөйт, бийлик төбөлдөрүн күнөөлөйт.

Ошонун ордуна шартты өзүң түз, мүмкүнчүлүктү өзүң жарат. Эч ким сага алдыңа даяр ашты алып келбейт. Милдеттүү да эмес!

Ырас, мамлекетти өнүктүргүң келип атса өзүңдөн башта. Жеке жашооңду тизгинге сал. Оку, өнүк, дүйнө таанымыңды кеңейт. Алгач кичинекей мамлекеттиңди( үй-бүлөңдү) бактылуу кыл.

Балдарыңа, кыздарыңа туура тарбия бер, билим менен камсызда.

Сенин кыйналбай, эч кимге оорчулугуң түшпөй жашаганың эле мамлекетке кошкон салымың эмей эмне? Өлкө качан өнүгөт? Анда жашаган эли качан бактылуу болгондо...

Бегимай Ильязова