Бул тууралуу муниципалитеттин бамса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэрлик кызматына Руслан Алтымышев которулду. Нуртилек Орозбаев шаардык кеңештин депутаттыгына аттанып, мандат алуу алдында тургандыгына байланыштуу кызматын өз каалоосу менен тапшырды.

Ага ылайык мэриянын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп 41 жаштагы Гүлбарчын Таштанбекова дайындалды. Ал буга чейин бир катар банктарда юрист болуп эмгектенген.

Эскерте кетсек, Руслан Алтымышев 2017-жылдын декабрынан бери социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп турган.

Булак: Кабар