Бул тууралуу учурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына билдирү калтырды.

“Кыргызстандын билим, илим тармагында эмгектенип, бир кездерде билим берүү, илим жана маданият министри (1993-1998) болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн профессорлорду тарбиялаган Аскар Какеев агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп жазган министр.

Булак: Кабар