"Кечээ Камчыбек Ташиев жеринде барып, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талашка чекит коюп, элдин талабын орундаткан болчу. Андан көп өтпөй эле өздөрүнүн нааразычылыктарын Ала-Бука районунун чек арада жашаган тургундары билдирип, Ташиевге кайрылуу жолдошуп, келип түшүндүрүп кетүүнү суранышкан. Ошого байланыштуу, бүгүн К.Ташиев Ала-Букага жөнөп кетти. Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу Гава-Сай айылында бүгүн саат 12-13.00до башталат", - деп жазды Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы Шүкүрбек Эркебаев.