Өзгөн районунун эли менен жолугушууда Камчыбек Ташиев эне-атага асылган жарандарга катуу айтты. 

"Бул жерде ата-энеме асылгандар болуп жатат. "Чоң атаңдын же таятаңдын жерин берип жатасыңбы?" - дегендерди уктум. Туугандар, ата-энеге асылбай сүйлөйлү. Менин чоң атам, таятам, ата-энем карапайым адамдар болгон. Мен карапайым адамдардын арасынан чыккан адаммын. Чоң болуп асмандан түшүп калган жерим жок. Ата-энеме асылгандардын тилин жулуп алам. Биз мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштеп жаткан жокпуз, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын өйдө көтөрүп, эл үчүн жандалбастап жатабыз", - деди Камчыбек Ташиев.