Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Качинс 23-февралда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына сурак берди. Сурак беришинин себеби Дубайдан келген кат болгон. Бирок, кат документ катары эмес, ичинде сары, ак таблеткадагы дарылар болуп чыккан. ошондой эле кызыл-ак капсулалар болгон. Текшергенде алар бангизаттар болуп чыкты.
ИИМдин басма сөз кызматы Качинс реестрге катталган иштин алкагында суракка чакырылганын билдирди.
Кылмыш ишинин жана сурактын чоо-жайы тууралуу мындан башка маалымат берилген жок.
Буга чейин социалдык тармактарда Эндрю Качинс университет тууралуу терс сүрөттөргө байланыштуу кош бойлуу кызматкерди урушканы тууралуу маалымат тараган. Уруштан кийин аялдан кан кетип ооруканага түшкөнү, күйөөсү Качинстин үстүнөн окуу жайдын администрациясына даттанганы айтылган.
Булак: Элгезит