Өзгөн районунун Кашка-Терек айылынын 71 жаштагы тургуну Туратбек Маматовдун өмүрү Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан аймакта өтүүдө. Ал бул жерди беш колундай жакшы билээрин айтты.
"Эл азыр деле мурда эгин эгип жүргөн жерлерди пайдаланып жатышат. Эми буйруса чек ара маселеси жолго коюлуп, элге ыңгайлуулук түзүлөр турган болуп калды. Бийлик бул маселеге жакшы киришти, биз сүйүнүп жатабыз. Жер Өзбекстанга өтүп кетти, аны-муну деп жаткандар эч нерсе билишпейт. Жерди тааныбайт дагы. Оозго алы жетпегендиктен каалаганды айта бериштин кереги жок. Уят болот. Апыртууну, бирөөгө жалаа жапканды токтотуу керек. Ошончолук айткысы келишсе, келип, жерди өз көздөрү менен көрүп, анан айтышсын.
Мурда коңшу өлкө бизге сууну колдонууга уруксат беришчү эмес. Тоскон тосмолору көпүрөнүн башына чейин келген. Суу келген жер Өзбекстандыкы болуп калган. Бизде балык уулап тиричилик кылгандар бар да. Аларды өзбекстандык чек арачылар кубалап, кыйнашчу. Эми болсо бул жак ачыла турган болду", - деди.
Эске салсак, Өкмөттүн чек ара маселелер боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Кемпир-Абад боюнча кыргыз-өзбек макулдашуусунда кыргызстандыктар суу сактагычка мал суугаруу, балык уулоо сыяктуу тиричилик иштерин жасоого кепилдик берилип, тосмо коюлбай турганы белгиленгенин билдирген.