Печать
Категория: Коом
Просмотров: 702

Коомдук ишмер, өлкөбүздүн патриот инсандарынын бири - Орозбек Жумабаев элге кайрылуу жасады. Ал учурда чек ара маселесине байланыштуу пайда болуп жаткан ар кыл пикирлер тууралуу өз оюн ортого салган: 

- Урматтуу, мекендештер!

Маалымат каражаттары аркылуу ар кандай ушак-айың, уятсыздык, шермендечилик коштогон сөздөрдү угуп жатабыз. Булардын баарын ким уюштуруп жатат? Беш-алты кишини топтоп, тамак берип, арак берип, провокацияга элди түртүп жатышат. Кимдер? Эски бийлик, биринчи кезекте Отунбаева, Текебаев, Мадумаров. Буларда бет, абийир, уят-сыйыт жок турбайбы. Мадумаровду жакшы билем, канча кызматтарга барды, жакшы иштей албады.  Оң жагынан жакшыраак адам чыкса, оң жагына жүгүрөт, сол жагынан чыкса сол жакка жүгүрөт. Жакшы адам болсо президенттикке шайланат болчу да. Анын ким экенин билгени үчүн эл көзүнө илбей койду. 

Эски бийлик эмне себептен провокацияга барууда? Эмнеге, кан менен азилдешип жатышабы? Бул провокаторлор Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден жүз жолу айланып кетишсин. Бийликке эми гана жаңы кадрлар келишти. Мен күч органдарына кайрылып кетет элем, эмнеге унчукпай отурасыңар? Унчукпай отурганыңар үчүн элдин ыркын бузуп жатышат. Камчыбек Кыдыршаевичтин, Садыр Нургожоевичтин артында миллиондогон адамдар турат. “Шашпа, силерди, бирди көрөсүңөр”,- деп турушат. Биз эл арасында жүрөбүз, кандай пикирлер болуп жатканын жакшы билебиз. Элди провокацияга түртүп жаткандардын абдан начар экенин айтышып, аларга Кыргызстанда орун жок, керек болсо бирден аттырып, мыйзам чегинде жоопко тартыш керек дегендер бар. Болбосо, алар кечинде ооз ачаарды шылтоолоп тамак берип, чакырып, бузукулук кылып жатышат. Буларда илгертен уурдалган акча көп. Элди козгобой, токтоткула! Биринчи кезекте силер жаман болосуңар! Эл биринчи силерге кол салат! Силерге кол салса, жан-жөкөрлөрүңөр эч кайда бара албайт! Элдин кыжыры келип араң турат! 

Камчыбек Ташиев Германиядан операция болуп келип, үйүнө барбай, чек арага барып атса, ар кайсы райондорго гектарлаган жерлерди алып берип жатса, дагы силерге эмне керек? Булар элди алдап жатышат, жерди сатып салышты, берип салышты деп. Бир сотых да жер сатылган жок! Кайра алып жатабыз! Мен элге кайрылам, провокаторлорго алданбагыла! Эмнеге алар Ташиев 13 гектар жерди алганын айтышпайт? Алар чек ара маселесин жөн гана шылтоо кылышууда. Бул жакшылыкка алып барбайт, токтоткула!