- Чек ара маселесинин түпкүрүнөн карап көрсөк, аны чечем деген бийликтин аракети колдоого татыйт. Анткени, биз бул маселени канчалык созгон сайын ошончолук убакытты да, башкасын да уткузуп жатабыз. Келечекте өзбекстанга кандай президент келерин билбейбиз. Азыркы президенттин бизге көзү түз экенин Манас айылын курганда эле түшүнгөнбүз. Мына ушул мамилени эске алып, тез арада чек ара маселесине чекит коюшубуз керек. Бул жагына мен бийликтин аракетин колдойм. Алар туура эле багытта иштеп жатышат. Ал эми айрым чыр чыккан жерлер боюнча Камчыбек Ташиев өзү да барып, эл менен жолугуп, элдин пикирин да укту. 50 га эмес, 20 га жер берсек, ал жердеги нааразычылык толугу менен токтойт деп ойлойм. Балким, бул маселелерди оппозициялык күчтөр өз кызыкчылыгына колдонуп, элди бийликке каршы үгүттөп жатышы да мүмкүн. Негизи алардын аракети күтүлгөн эле нерсе болчу. Эртең чек ара эле эмес башка жактан көйгөйлүү маселелер жарала турган болсо, алар дароо эле ошол темага өтүп, элди бийликке каршы үндөгөнгө аракет кылышат. Анткени, оппозициянын табияты ушундай.
- Категория: Коом
- Просмотров: 289