Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Нарын шаардык прокуратурасы 800 чарчы метр жер тилке турак жай куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз берилгенин аныктаган. Тактап айтканда, Нарын шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жогорудагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылган.
Бул факт КЖБРга Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Аны менен катар эле прокуратура тарабынан Нарын облустук административдик сотуна жана Нарын шаардык сотуна мэриянын чечимин жана жер тилкесине берилген документтерди жокко чыгаруу боюнча доо арыз киргизилген.
Доо арыз соттун бардык инстанциялары тарабынан канааттандырылып, жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
Булак: Баракелде