Кытайда илимий медицина менен салттуу элдик медицина экөө тең колдонулат. Себеби өтө тереңде. Керек болсо бүгүнкү илимий медицинанын түбү да барып Кытай, Тибет, Индиянын элдик медицинасына барып такалат. Чыккан башат булагы ошол элдик медицинадан чыккан. Бүгүн Кыргыздардагы элдик дарыгерлик болгон табыпчылыкка да мыйзамдуу укук берели дегендер чыгууда. Бул маселеге келгенде аяр болсок. Анткени Кыргыздар элдик табыпчылык, дарыгерлик "Элдик салттуулугунан" үзүлүп калган. Ошондуктан бүгүн бүбү,бакшы куучу, табып, тамырчы, деген сөздөрдүн маанисин деле толук ажыратып билбейбиз. Мисалга Кытайда "Ша-аулиндин" же "Тай-ци-зинин" салттык мектептеринин (школа) үзүлбөй жашап келаткандарына бери дегенде 4 миң жылдан ашты. Ушул эле мектептердин элик дарылоо ыкмалары да үзүлбөй сакталды. Ошондуктан алар илимий медицинадан да алда канча улуу болушкандыктан эч кимден деле уруксаат сурашпайт. Керек болсо "Ша-аулиндин" медициналык китепканасы дүйнөлүк менмин деген китепканалардан да бай турат. Ал жерде миңдеген дары чөптөрдүн сырлары жазылган трактаттар толтура. Биз, Кыргыздарда кайсыл салттуу жок дегенде 200 жылдан бери үзүлбөй атадан балага өтүп келаткан мектебибизди андагы жазуу жүзүндө жыйналган трактаттарыбызды мисал келтирип айта алабыз. Андай жок да. Биз элдик медицинага уруксаат берсек анда алардын кесипкөйлүгүнө ким кепилдик берет? Ким алардын билимдүү экенин текшере алат? Ким аларды сынактан өткөзө алат? Бул жерге адам өмүрү коюлуп жатпайбы. Адам өмүрүнө жеңил кароого болбойт да. Ошондуктан Кыргызстанда элдик медицина аталган табыпчылыкты мыйзамдаштырып уруксаат берүүнүн жолун көрбөй турам. Атайын медициналык билими бар адамдардын жеке менчик дарылоо жайларын ачууга кеңири уруксаат берүү жагын караса болот деп ойлойм. Ал эми элдик табыпчылыкка келгенде маселе бар.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу