Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетининен билдиришти.
Маалыматка ылайык, опузалап пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери А.К. жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгыны кызматкери Д.Б кармалды. Алар өз кызыкчылыктары үчүн, М.у.Т. аттуу жаранга сотко чейинки иш бар деп кысым көрсөтүшкөн.
Бирок кызматкерлер А.К. жана Д.Б сотко чейинки ишти токтотуу маселесин чече алышпагандыктан, опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн жабырлануучуга 1500 АКШ долларын кайтарып берүүгө аргасыз болушкан. Калган 500 АКШ долларын кайтарып берүү учурунда, Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү Д.Б кармалган.
Бул факт 326-берененин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кабарланат.
Булак: reporter.kg