"Уу коргошундун дарылык касиети кыргыздар үчүн жаңылык эмес, ичип келишкен, мындар ары деле иче беришет... Ошондуктан Уу коргошундан сенсация жасап, атак-даңк алуу мүмкүн эмес. Ошондой эле Ак кодол, Алтын тамыр, Жалбыз, Көкө мерен, Эрмен, Мамыры, Адырашман... дагы башка толгон токой чөптөр дары катары пайдаланылат. А түгүл сарык болгондо тирүүлөй Бит жутуп, ички органдар ооруганда Коңуз жутуп, муун ооруганда сөөлжан жутуп, көкүрөк ооруларда Аюу, кашкулак, суурдун майын ичип, рак болгондор Ак кажырдын сорпосун ичип да жүрүшөт... Бүгүн кеп анда эмес... Кеп медицина илиминин машаягымын деген дипломду чөнтөгүнө салып, бүтүндөй бир мамлекеттин ден соолугуна жоопкер болом деп креслого отуруп алып, Ош базарынын тегерегинде жүргөн табып сымалдардын деңгээлине түшүп алганында болуп жатат, мамлекеттеги мыйзамдарды тебелеп-тепсеп өзүм билемдик кылгандыгы жөнүндө болуп жатат... Өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун демилге-сунушун оңдоп, мыйзамдуу жагын айтып, дары-дармектерди сыноо жана пайдаланууга киргизүү тартибин сактап, ишти туура жол менен алып баруунун ордуна эдиреңдеп элдин алдына чыга калып ал кишини да уят кылганында болуп жатат... Ушуну туура түшүнсөк, туугандар", - деп жазды коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун маңызын коронавирус менен ооруган 300 чакты бейтапка ичиргенин ачыктаган. Ошондой эле, бул маңызды онкологиялык дарт менен жабыркагандарга да бергенин жарыялады.