"Саламаттыкты сактоо министрлиги шалаакылык кылып жатат. Азыр Түркия кайнап жатат, ал жак менен аба каттамы байма-бай, токтогон жок, Орусия болсо токтоткон, 1-июнга чейин деп. Токтобосо дагы ар бир каттамды тосуп алып, келген кишилердин тизмесин тактап, ар бирин текшерип, ар бирине эки жума аралыгында көп эч жакка чыкпай, "самоизоляцияда" болуп, кичине эле шек чыкса ооруканага кайрылуу зарылдыгын эскертип туруу ишин колго алса болмок. Ушуга дагы Президент же башка бирөө кийлигишүүсү зарылбы?" - деп жазды коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, коронавирус илдетинин жаңы учурлары күн өткөн сайын көп каттала баштады. Коронавируска каршы күрөшүү Республикалык штабынын 21-апрелге берген маалыматына караганда, бир суткада өлкө аймагында илдеттин жаңы 306 учуру катталган. Анын көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда болууда.