18-апрелде Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы (Бишкек АШК) жыйналыш өткөрүп, “Клооп Медиа”, “Жалпы иш” коомдук фонддорунан жана 12 саясий партиядан  түшкөн даттанууларды жана арыздарды карады. Кароонун жыйынтыгы боюнча Бишкек АШК жети аймактык шайлоо участокторунда референдум (бүткүл элдик добуш берүү) боюнча бюллетендерди кайра саноо тууралуу чечим кабыл алды. Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча айрым участоктордогу жыйынтыктар жокко чыгарылган.

Ошондой эле КЭДП (НДПК) саясий партиясына карата Кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү  реестрине (КУБР) катталган УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБдин материалдары каралды. Анын негизинде Бишкек АШК КЭДП (НДПК) саясий партиясынын өкүлдөрү тарабынан “добуш берүү күнү үгүт жүргүзүлгөн, шайлоочуларды сатып алган, шайлоо өнөктүгүн каржылоонун тартибин бузган” түрүндө шайлоо мыйзамдарын бузуу орун алган деген тыянакка келди. Ушуга байланыштуу Бишкек АШК КЭДП (НДПК) саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө жана КЭДП (НДПК) саясий партиясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштары менен шайлоо бюллетендерин жараксыз деп таануу тууралуу чечим кабыл алды.

Буга байланыштуу “Ак Бата” саясий партиясынын лидери Нариман Тюлеев: “НДПК партиясын шайлоо жыйынтыгынан алып салуу тууралуу жаңылыкты таң калуу менен окудум. Бул акыйкаттык болдубу же жокпу, айта албайм, бирок калыс пикир карманганда, менин оюмча, “Эмгек” партиясы да четтетилиши керек эле”,- деп соцтармактагы баракчасына жазды. 

“Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкандардын баары квартал жана үй башчыларын массалык түрдө сатып алуу болгонун, башка партиялардын үгүтчүлөрүнө жакшылыктуу иштешине тоскоолдук жаратышканын, үгүт материалдарын топтоп туруп ыргытышканын жакшы билишет. Шаардыктарга азык-түлүк салынган баштыктарды таратышып, пенсионерлерге кимге добуш берүүгө көрсөтмө беришкени да белгилүү. Бул фактылардын баары ММКларга жарыяланды, бирок эч кандай чара көрүлгөн жок”,- дейт Тюлеев. 

Булак: “Майдан. kg” гезити