ИИМ тарабынан Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрилигинин алдындагы Автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттиги ведомстволук уюмдарында коррупциялык укук бузуулар аныкталды.
Жогорудагы агенттиктин Ош аймактык башкармалыгынын бир нече кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз пара талап кылуу фактылары менен кармалышкан.
Унаалардын айдоочулары ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгына кайрылышып, салмак габаритти көзөмөлдөө пунктарында тутумдаштырылган пара талап кылуулары боюнча нааразычылыктарын билдиришип, мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүүнү суранышкан.
12-апрелде Ош шаарынын тургуну Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунда жана Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылындагы пунктунда мыйзамсыз пара талап кылып жаткандары жөнүндө кабарлаган.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө бөлүмү тарабынан (Ош шаары) Жазык кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Ушул жылдын март айында Ош аймактык башкармалыгына (ААВТиВК) караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылындагы салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунун кызматкерлери айдоочуну салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунан өткөндүгү үчүн 10 миң сом өлчөмүндө акча берүүгө мажбурлашканы аныкталды. Бирок, бир нече убакыттан кийин автоунаа айдоочу кайра артка келе жатканда кайрадан 10 миң сом акча талап кылышкан.
Мындан тышкары Жалал-Абад облусунун “Кара-Көл” салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунда мыйзамсыз пара талап кылуу фактылары аныкталды. Бул салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунун кызматкерлери айдоочудан 15 миң сом талап кылып, андан соң аны ушул пункт аркылуу 10 миң сомго өткөрүүгө макул болушкан.
Булак: “Майдан. kg” гезити