Печать
Категория: Коом
Просмотров: 162

Бишкектин № 2 мектебинде 3 “Д” класстын окуучусу К.Ж. мектепке жоолук салынып келгени үчүн класс жетекчиси жана завуч Татьяна Николаевна: “Сен эмне оорулуусуңбу? Чеч жоолугуңду”,- деп окуучулардын алдында жемелеген. Классташтарынын шылдыңына калган кыз үйүнө ыйлап келип, экинчи мектепке баргысы келбей калганын айткан. Кыздын ата-энеси Россияда болгондуктан, балдардын тарбиясын моюнуна алган чоң апасы айласыздан ушул маселе боюнча иштешкен укук коргоочуларга кайрылган.

Албетте, мектептерде жоолук салынуу маселеси толук чечилбесе дагы, башка мыйзамдарга ылайык, жарандардын дин же кийим тандоо укуктарына эч ким чектөө киргизген эмес. Учурда “балдарын зордоп динге окутуп же жоолук салып...”, - деген дооматтар болбогон нерсе. Азыркы замандын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша чоң эле киши эмес, жада калса балдар дагы өзүнүн тандоо эркиндигинен пайдаланышат. Өспүрүмдөр мектепте же коомдо каалагандай кийимдерин кийип жүрүүгө умтулушуп, бири “Корея стилинде” жүрүшсө, айрымдары мусулманча жүргөндү жактырышат. Атүгүл жаш кезинен намаз окуп, орозо кармаганга кызыккандар аз эмес. Анткени азыркы коомдун балдары аң-сезими тез өсүп, өтө көп маалыматтарга ээ.

Билим Берүү министрлигинин өкүлү, мектептик билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Самара Кадырмаева учурда № 69 мектептен тышкары (светский окутуу болгондуктан) бардык мектептерде жоолук салынууга, атүгүл эркек балдарга топу кийип келүүгө уруксат берилгенин билдирди.

“Биз, пандемия учурунда окуучуларга жоолук салууга тыюу салмак түгүл, мектепке эркин форма кийип келүүсүнө да тыюу сала албайбыз”,- деди Самара Кадырмаева. Анын айтымында, эгерде кайсы бир мектепте жоолукка тыюу салуу болсо, ата-энелер биринчиден мектептин директоруна кайрылып, мектептин уставын ортого салдыртып, өз балдарынын укуктарын коргосо болот.  

Министрлик аталган мектептин окуучусун жоолук салгандыгы үчүн жемелеген мугалимине тийиштүү чара көрүшү зарыл.

Булак: “Майдан. kg” гезити