Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

Дүйнөдө сейрек кездешүүчү жана аз гана убакыт гүлүн ачкан Айгүл гүлү Кыргызстандын Баткен облусунун Кара-Булак айылынын тоо тарабында быйыл да өз мезгилинде ачылды. Албетте, бул кооз жана табышмактуу гүл ачылганда аны көрүү үчүн чет элдиктерден тартып, жергиликтүү элге чейин барышат. Ушул учурда күн сайын кеминде бир миңге чейин адамдар Айгүл тоону көздөй жөнөшүүдө.

Бирок жергиликтүү жашоочулардын айтуусунда, мамлекет же жергиликтүү бийликтин көзөмөлү болбогондуктан улам, бул легендарлуу гүлүбүздү күн сайын ал жакка чыккан адамдар тебелеп жатышат. Мындан тышкары Айгүл гүлүнө зыянкеч курттар да жабышып, жеп жатат. Бул тууралуу баткендик жеке ишкер, активист Турсунали Төлөмүшөв соцтармактагы баракчасына мындай деп жазып, сүрөттөрдү да жүктөгөн:

“Айгүл гүлү - Айгүл тоо мамлекеттик корукка алууга жана элдин барышына мараторий киргизүүгө муктаж. Бүгүн, 2021-жылдын 17-апрелинде эл катары эс алууга Айгүл тоого барып келдик. Тоого бир чыкканда 1000ден көп адам чыгып жатат, “гүлдү баспагыла, этият кылгыла” деп көп адамга жеткирүү кыйын иш. Тепселип жаткан жүздөгөн гүлдөрдү көрүп жүрөгүң кейийт. Тоо башында атайын жол жок болгондуктан элдер туш келген жерди тепсеп, жаңы чыгып жаткан Айгүл гүлдөрүн тепсеп эле жок кылышууда, өтө өкүнүчтүү. Элдин чыгышына мараторий киргизүү менен, жерди баспай асмандан көрүү шартын мамлекет тарабынан түзүү зарыл. Антпесек алыска атагы чыккан Айгүл гүлүбүздөн айрылып калчуудайбыз. Анысы аз келгенсип табигаттагы зыянкечтер да Айгүл гүлүн жок кыла баштаптыр. ОЙЛОНООР ИШ БОЛУПТУР ЭЛИМ!!!”.

Чын эле эгер табият бизге тартуулган мындай кооздукка жапайы мамиле жасаганды токтотпосок, анда Айгүл гүл чыкпай калышы мүмкүн. Ошондуктан туризм министрлиги жана жергиликтүү бийлик бир чара көрүүсү тийиш.

Булак: “Майдан. kg” гезити