19-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд. 624 млн. кубду түздү. Ал эми суунун агып кирүүсү секундуна 326 куб. метр, ал эми чыгымдалышы секундуна 189 куб. метр. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева маалымат берди.
“Белгилей кетүүчү жагдай, 6-апрелден тартып суунун деңгээли 8,5 млрд. куб. метр деңгээлинде сакталган. 17-апрелден тартып 8,6 млрд.ка көтөрүлдү. Бул өлкөбүздүн энергетика тармагынын жетекчилери тарабынан көрүлгөн чаралардын – электр энергиясын импорттоо, Бишкек ЖЭБин электр энергиясын иштеп чыгуусун камсыздоо”,- деп жазган маалымат катчы.
“Анткен менен жеке адамдар да электр энергиясын үнөмдүү пайдаланышын суранабыз. Себеби канткен менен өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу суунун корунун айырмачылыгы 2 млрд. 791 млн. кубометрди түзөт. Электр энергиясын үнөмдөгөндөрдүн баардыгына ыраазычылык”,- деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетүүчү жагдай, адистердин айтуусунда, өткөн жылы кышында кар аз жаагандыктан улам Токтогул суу сактагычына күз мезгилинде суу аз топтолгон. Бир чети Бишкек шаары жана башка кичи шаарларда курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр менен ишканалар дээрлик электр энергиясы менен жылытылып, жарыктандырылып жана иштегендиктен, энергияга болгон керектөө жыл сайын өсүүдө. Кыргыз өкмөтү электр энергиясына болгон муктаждыкты кошуна мамлекеттерден бартерге же карызга алып толуктап келүүдө.
Булак: “Майдан. kg” гезити