Печать
Категория: Коом
Просмотров: 362

Чыңгыз Айтматовдун жубайы — Мария Айтматова 1942-жылы 13-июлда Суусамыр өрөөнүнүн 8-март айылында туулган. Атасы — Нурмат Шатиев. Апасы — Гүлсүн Бакинова.

Нурмат Шатиев көз жумгандан кийин Мария Айтматова апасы менен Фрунзе шаарындагы Илимдер академиясынын кызматкерлеринин үйүнө көчүшкөн. Ал жакта Мария Айтматова чоң апасы, таежеси жана апасы менен чогуу жашаган. Таежеси Гүлжамал Бакинова кыргыз тилинин диалектологиялык картасын түзгөн жана Мария Айтматованын инсан катары калыптанышына чоң таасир эткен.

Мария Айтматова кесиби боюнча сценарист, Бүткүл россиялык мамлекеттик кинемотография институтун аяктаган.
Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 21-апрелде Чыңгыз Айтматовдун үй музейинде өтөт. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

        

Булак: Баракелде