Печать
Категория: Коом
Просмотров: 90

Жогорку Кеңештин жыйынын күн тартибине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсү боюнча маселесини чыгарууну депутат Жанар Акаев сунуштады. Ал бул тууралуу социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында билдирди. 

"Уу коргошун менен коронавирус илдетине чалдыкка бейтаптарды дарылоо менен сунушу менен министр дүйнөлүк коомчулукка кыргыз медицинасын шылдыңга калтырды. Министр табыпчылдыкты колдоп, уу коргошун менен дарылоону сунуштап жатат. Бизде эмне, дарыгерлер жокпу? Кыргыз медицинасы дүйнөлүк коомчулукта салмагы бар, а азыркы министрдин бул кылыгы менен ал жок болушу мүмкүн, баркына доо кетти", - деди Акаев.