Печать
Категория: Коом
Просмотров: 186

Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын тургундары менен жолугушууга барды. Көпчүлүк чек ара маселесин чечүүдө Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 50 гектар жерди берүүгө ниеттенип жатканына нааразы болушту. 

Камчыбек Ташиев элге кыргыз-өзбек чек ара маселесин чечүүдө түзүлгөн протокол Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайыктап түзүлгөнүн билдирди. Бирок, элдин талабына макул болуп, алмашууга 50 эмес 20 гектар жерди сунуштай турган болду. Ал бул боюнча расмий Ташкент менен сүйлөшүү жүргүзөт. 

"Мен эч убакта Кыргызстандын кызыкчылыгын четке калтырбайм. Орозо күнү айтып жатам, Алла Таалам насип этсе бардык маселелерди Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайыктап чечкенге аракет кылам", - деди Ташиев. 

Мындан кийин жергиликтүү тургундар Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, анын эл ишенимине татыган уул экенине дагы бир жолу ынанышканын билдиришти.