Садыр Жапаровдун Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармактардагы баракчасына уу коргошунду коронавируска каршы каражат катары колдонууну сунуштаган билдирүүсү өчүрүлдү. 

Билдирүү 15-апрелде жарыяланган болчу. Андан кийин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында уу коргошундун кайнатмасын ичип да көргөн. Ал президент экөө кайнатма даярдап жатышканын, дозасын бир гана президент билээрин айткан. Ошондой эле 300гө жакын коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптарга кайнатма беришкенин, бирок ачык айтышпаганын да моюнуна алган. Бул коомчулукта ар кандай пикирлердин жаралышын шарттаган. 

Президенттин ал посту бүгүн табылбай калды. Аны соцтармактардын модераторлору же президент өзү өчүргөнү белгисиз.