Кемпир-Абад суу сактагычындагы деңгээлди эки өлкө биргеликте көзөмөлгө алат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун эли менен жолугушууда билдирди. 

"Кыргыз адистери суу сактагычты башкарууга катыша алышат. Биз биргеликте башкарабыз, адистерибиз суунун деңгээлине байкоо салып турушат. Ал 900 метр деңгээлден ашпашы керек. Суу сактагычтын 5 миң 735 гектар  аянтынын 1 миң 300 гектары Кыргызстанга өттү. Ал жерди жергиликтүү бийлик тургундарга бөлүп берет", - деди Ташиев.