Кемпир-Абад суу сактагычынын бери жагында коңшу мамлекеттин бир сотых да жери жок. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. 

"Суу алдындагы 4400 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна 5100 гектар жер алдык. Маселени алмашуу жолу менен чечип жатабыз. Сууну Өзбекстан тосуп алса эмне кылабыз деген суроолорго жооп: тоспош үчүн мамлекеттер аралык келишим түзүп жатабыз, ал ратификациянын ичине кирет. Суунун тегерегине тосмо койбоо талабын коюп жатабыз", - деди Ташиев. 

Ошондой эле, ал суу сактагычтагы 14 пайыз сууну Кыргызстан пайдаланаары белгиленгенин кошумчалады.