Платинанын бир бурчу биздин жерде жайгашып калгандыктан коопсуздукту сактоо үчүн ал жерди Өзбекстан сураган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. 

"Бул жолду ремонт кылабыз деп жатышкан. Биздин чек арабыз ушул жолдун ортосунан кетет, эгер биз макул болбосок. Сөздү кайталап бурмалаганды токтоткула. 100 гектар берем деп кайра ойлонуп 50 гектарга токтолгон эмеспиз. Буларга 50 гектарга макул болсок деле болот, ошол жетет деп айтышты. Ошондон кийин 50 гектардар бир метр да ашырбайбыз дедик. Кудай буйруса, биздин түзгөн протоколду кыргыз элине эң пайдалуу кылдык. Мындан ашык протоколду эч ким түзө албайт", - деди Ташиев. 

Эске салсак, аталган айылдын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы тоого боз үй тигишип, нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул Кара-Суу районунун 50 гектар жерди Өзбекстанга берилишине каршы чыгуудан улам болду.