Кубанычбек Жумалиев Таш-Көмүр шаарынын жанында жайгашкан цемент заводун өлкөгө демөөрчүлүк жардам катары өткөрүп берген. Бул тууралуу укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Кубанычбек Жумалиевдин жакындарынын маалыматына таянып жазып чыкты.
"Мага кечээ Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичтин өкүлү телефон чалып: "Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводун өз каалоосу менен компаниянын 100 пайыз үлүшүн Кыргызстанга демөөрчүлүк жардам катары өткөрүп берди. Өлкөнүн экономикалык оор акыбалына карап ушундай кадамга барды. Ал кылмыш ишине тиешеси жок", - деп айтты", - деп жазды Үмөталиева.