Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буйрукка Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов кол койду.
Белгилей кетсек, Кадырбеков кызы Нуркыз 2018-жылдан бери облустагы өкүлдүн маалымат кызматын жетектеп келген.
Кадырбек кызы Нуркыз — 1978-жылы 5-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. 1996-жылы мектепти артыкчылык менен аяктаган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын энеси.
2001-жылы ОшМУнун филология, 2012-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун укук таануу факультетин артыкчылык менен аяктап, 2015-жылы КР президентине караштуу башкаруу Академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча магистрлик ишин коргогон. 2015-жылы АКШдан мамлекеттик департаментинин “Саясаттагы лидер айымдар” мектебинин окуп кайткан.
2001-жылы ОшМУда окутуучу, 2002–2009-жылы тарбия иштери, сырткы байланыштар боюнча декандын орун басары болуп иштеген.
2000-жылдан бери “ЭлТР” КТРКсында эмгектенип, 2009-2014-жылдары маданий-музыкалык көрсөтүүлө бөлүмүндө продюсер катары эмгектенип, жападан жалгыз мамлекеттик тил тууралуу «Тилибиз-тирегибиз”, мамлекеттик баалуулуктарды ар тараптуу даңазалоочу «Арыба, Ата журт!» “Ишембиде кечинде”, “Асылзат” телепрограммаларынын автору жана алып баруучусу катары таанылган.
2009-2010-жылдары КР президенине караштуу жаштардын Ош облустук мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары катары тил жаатында эмгектенген.
2011- жылдан бери “Республикалык “Кыргыз тили” коомунун” түштү аймагы боюнча жетекчиси, вице- президенти.
2010- 2012-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясынын байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон.
2012-жылы Ош шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын эң жаш депутаты болуп шайланып, социалдык тармакта айтарлык демилге иштери менен оозго алынды.
2015-жылы “Асылзат” айымдар коомунун президенти болуп шайланган.
2015-2017-жылдары “7-канал” ТРКсынын Ош өкүлчүлүгүн жетектеген.
2017-2018- жылы жеке компанияда юрист болуп эмгектенген.
2018-жылдын декабрь айынан бери КРдин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы.
2019-жылдан бери Кыргызстан аялдар кеңешинин Ош облустук бөлүмүнүн төрайымы. Мамлекеттик кызматтын 3- класстагы кеңешчиси.
Булак: Кабар