Печать
Категория: Коом
Просмотров: 249

"Бизде кыз болуп төрөлдүңбү дароо күнөөлүү сезим менен төрөлөсүң. Анткени апаларыбыз жаңы келген бүлөгө батыш же жагыныш үчүн, пайдалуу болгусу келип, ошол жаңы үй бүлөнү кубандыргысы келип уул бергиси келет! Кайсы гана келинден же кыздан сураба алгачкы балам “Уул болсо” дешет. “Уул төрөп берди!” деп башың өйдө болот. Сыймыктуу болосуң. “Кыз төрөй бересиң” деп ажырашканы канча? “ Кыз төрөдү “ деп жерип, төрөтканага келбей койгону канча ? Мени деле “Уул болот” деп күтүшкөн. Жада калса атым “Адилет” болмок. Кыз болуп , анысы аз келгенсиз түрү суук болгонум үчүн анча деле жакпаптырмын үйдөгүлөргө. Уул болбой калып, ата - энемдин үмүтүн актабай калганым үчүн күнөөлүү сезим мн жүрдүм чоңойгуча. Он уулга тете жалгыз кыз болушум үчүн болгон аракет кылдым. Алдыңкысы, мыктысы болгум келди. Өзүм менен өзүм күрөш жүрдү. Кечке эле “Уулдан өтүп мыкты болом” же “Кыз болуп калганыма өкүнбөйсүңөр” деген далилдөө жүрө берет . Актанасың! Миң мактаса деле жетишпейт. Төбөң мн жер казасың! Бүгүнкү ийгилигимдин бирден бир себеби ушул болуш керек деп ойлоп койдум. Былтыртан баштап аял болгум келүү же аял экенимди кабыл алгым келүү каалоосу ойгоно баштады. Аял болуу сыймык экен көрсө! Аял болуп туруп көп ийгиликке жетишсең болот экен! Аял болуп туруп күчтүү болсо болот экен! Аял болуп туруп эл башкарса болот экен! Ишенесизби, шиш така, көйнөк кийип, алтындарга кызыгып, боенгум келип, чачымды өстүргүм келип, өзүнчө эле аял болуу, сулуу болуу каалоосу келди. Баса, кыздарды көргөндө айланып өтчүмүн. Алар мен түшүнбөгөн дүйнө болчу. Мырзалардан өткөн дос жок болчу! Алардын “Иниси”, “ Үкөсү”, “Братишкасы “ болгондон ырахат алчумун. Ишенесизби, быйыл курбуларым көбөйө баштады. Чайга чакырган эркектерди ашатпай калдым. Сылык эле жөнөтүп жиберип атам! Ошол кыздар, айым болуп жаралып калган фактыны кабыл алып, сыймыктанып, аялдык бакытка чулгана билиш керек экен.

Баса, өзүңдүн сексуалдуулугуңду, сулуулугуңду да кабыл ала билиш керек экен! Кабыл ала албоо да чоң көйгөй тура! Өзүмдү аял катары кабыл ала албаганым үчүн мурун бул сулуулукту байкачу эмесмин!" - деп жазды Назира Айтбекова соцтармактагы баракчасына.