- Мен дагы жаш болгом. Сүйүү сезими жаш кезде курч болот, ичиңде бороон-чапкын болот. Сен сүйгөн кыз сени теңине албай, канча аракет кылсаң да аны тепселегенсип, башка жигитке көңүл бурса, албетте, жүрөгүңдү оорутуп, сындырып, орчундуу кадамдарга түртөт. Же ал кызды ала качуу жолу менен же дагы башка ыкма менен өзүмдүк кылып алам деген туура эмес. Кыздын ички дүйнөсү миң түркүн болот, аракет кылсаң жибибеген кыз болбойт. Эркектик мамилеге салып, эркектик дегеним күч көрсөтүү эмес, жакшы мамиле, жылуу сөз айтсаң көңүлү сен тарапка оойт. Чыныгы эркек дүйнөнүн жаңы тенденциясынан алып караганда, билимдүү, акылдуу, билимдүү болгондон соң демек, ийгиликтүү эркек. Андай жигиттер бир да кызды кайдыгер калтырбайт. Сүйгөн кызыңа көңүлүнө карап мамиле жасап, жардам берип, колдоого, коргоого алсаң, жибийт. А эгерде кыздын көңүлү такыр эле башка жигитке бурулуп, аны менен бактылуу болом деп жатса, сага да ылайыктуу кыз бар. Сен да өз түгөйүңдү, сүйгөнүңдү табасың. Адам теңин таппай койбойт. Ала качуу көпөлөктүн канатын кыркып салууга барабар. Ала качып алган кыз жубайың болоттур, бирок баягыдай жаркырап-жайнаган көпөлөк болбойт. Бара-бара андан өзүңдүн көңүлүң кайт болушу мүмкүн. Тилекке каршы, турмуш деген ушундай.

Булак: “Майдан. kg” гезити