“Азаттык” радиосунда көп жыл эмгектенген журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналистика менен укук коргоочулукту айкалыштырып иштеген Жаркын Суран кызы (Темирбаева) 3-апрелде 66 жашында узак оорудан улам акка моюн сунду. Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Өзгөн районундагы Тоо-Дыйкан айылына коюлду. Замандаштарынын эскерүүлөрү назарыңыздарда...

Жаркын адилеттик үчүн жан үрөп жашады"

Топчубек Тургуналиев, коомдук жана саясий ишмер: “Жаркын адам катары, аялзат катары керемет жан эле!”

- “Жаркын Суран кызы каза болду” деген суук кабарды угуп, “Ооба, бул опосуз дүйнө, арманы мүмкүн жыргалынан көп” деп кейидим.

Эсимде, 1990-жылы кулжа айындагы Ош-Өзгөн, Жалал-Абад кандуу окуялары оюмда кайрадан оргуштады. Он эки кыргыз жигити өлүм жазасына кете турган болгондо, Жаркын айым мага келген. Экөөөбүз президент Аскар Акаевга киргенбиз. Биз “бул трагедияга эки тарап катышкан, болгондо да биринчи болуп аладопу туугандарыбыз баштаган. Албетте, кыргыздарыбыз карап турмак беле, коргонгон”,- дедик. Ошол он эки жигиттин ата-энелерин алып келип А.Акаевге киргизип атып, президентти көндүрүп, өлүм жазасынан алып калган Жаркын Суран кызынын аракети.

Мен, 2001-жылы 47-колонияда жатам, “аялыңыз келди” деген кабарды айтышты. “Аялым кечээ эле келген, же шашылыш иш болуп калдыбы?”- деп келсем, байбичем эмес эле Жаркын Суран кызы экен. “Уруксат бербейт, аялымын деп кирип кеттим”- деп күлүп калды. Өзгөн күрүчүнөн керемет кылып палоо жасап келиптир. Анан пальтосунун ортосундагы топчусун чечип микрофонду сууруп чыкты. “Сизден интервью алайын деп келдим” деп, суроолорун берип, экөөбүз 30-40 минутадай баарлаштык.

Эртеси да “аялыңыз келди” деген кабар келди, көрсө Жаркын экинчи ирээт келген экен. “Кечээ жазганыбыз жакшы угулбай калыптыр”,- деп кайра ошол суроолорун берип, жообун алып, жаздырып кетти.

Караңыз, мунун айлакерлигин. Көрсө журналисттик иш өтө татаал кесип, айлакерлик менен кошо жүрөт экен.

Жаркын адам катары, аялзат катары керемет жан эле.

Калеми курч, таланттуу болчу. Жаркын дагы 20-25 жыл же андан көп жашап, китептерин чыгарып, чыгармачылык казынасын ого бетер байыта кетсе болот эле.  Демек, армандуу дүйнө деген ушул экен да.

Жаркын деген аты затына жарашкан адам эле. Ылайым бейишке чыксын. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

 

Азимбек Бекназаров, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси: Жаркындын жаркын элесине...

- ...2002-жыл. Кеч күз.  Акаев менен Аксылыктардын тиреши Бишкекке жеткен мезгил. Акаевдин каардуу заманынын дүжүрлөрү баш болушуп, милиция кызматкерлери овчарка иттери менен Бишкектин  ар кайсы көчөлөрүнөн, жоолук салынган кыз-келиндер менен калпак кийген, колунда баштыгы бар адам көрсө эле, “аксылык”- деп, көчөмө-көчө кууп жүрүп кармашып, улам, Бишкек ШИИБнын Убактылуу кармоочу жайына жеткирип жатышты.... “БОМЖдорду” кармоочу жайдын ичинде орун жок... Аксылыктар жана аларды колдогондор, аксылык деп, адашылып кармалган элеттик башка адамдар да, аксылыктарды колдошуп, “Акаев кетсин”- деген талаптан кайтышпайт... Бийлик болсо ал жайга эч кимди, ал түгүл Аксынын депутаты баш болгон жоон топ депутаттарды да жакын жолотпойт.... Аңгыча ал жайдын эшиги “бака-шака” түшүп ачылып, ичкериден Жаркыныбыз жаркылдап чыга келсе... Көрсө, шаарда аксылыктар менен кошо жүргөн ал да кармалып жеткирилген экен.... Өзүнүн кесиптик ишин бүткүчө “Азаттыктын” журналисти экенин айтпаптыр... Эки саат өтпөй “Азаттыктын” кечки берүүсүнөн аксылыктар камалган жайдын ичинен уюштурулган атайын берүү жаңырып, “аксылык”-деп жөн эле көчөдө бараткан жерден мыйзамсыз кармалган жүздөгөн адамдар камакта бар экени айтылып, алардын үнүнөн бери чыгарылып, акырында ошол жайдын ичиндеги кармалгандардын: “Жерин саткан, элин аткан Акаев кетсин!”- деген кыйкыруулар менен  берүү аяктады. Ошентип аксылыктар камакта жатса да сынбаганын, Аксы окуясынын башынан аягына чейин аксылыктардын арасында эл менен кошо жөө жүрсө жөө жүрүп, ачка калса ачка калып, эл сүйүнсө кошо сүйүнгөн, ыйласа кошо ыйлаган Жаркыныбыз бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу жарыялап жиберди... Аргасы кеткен Акаевдин бийлиги аксылыктарды ондогон автобустарга жүктөп, Аксыга депортация кылууга, ал эми аларды колдошуп же адашып кармалгандарды чыгарууга аргасыз болду....

2000-жыл. Покровкадагы катуу режимдеги түрмөнүн жолугушуулар берилчү кабылдамасы. Ал жерде түйүнчөгүн кармап, Топчукемдин (Тургуналиев ) байбичеси 3 сааттан бери олтурат.... Аңгыча ички эшик ачылып, ал жактан жаркылдап “Азаттыктын” Жаркыны чыгат... “Эже, кечирип коесуз, мен сизмин деп, Топчукеме кирип чыктым, интервьюсу зарыл керек эле,”- дейт. Жеңебиз: “Кокуй, сен белең, Топчубектин “свиданкасы” бүттү, бир аял үстүндө дешип, мени киргизишпей жатканынан кандай аял экен, көрөйүн деп олтурам, көгөрүп кетпей”,- дешип күлүп калышат...

Эч ким кире албаган, эч ким бара албаган жерге барып, кирип, “президентке курал менен кол салууну уюштурган” Топчубектей “өзгөчө коркунучтуу рецидивисттен” да, катуу режимде экенине карабай интервьюларды ала алган баатыр мүнөз, айлакер, чыныгы кесипкөй, жаркылдаган жайдары, замандашым Жаркындын элесин, өзүм билген жогорудагы  эки эпизод менен жалпы элге угуза эскерүүнү туура көрдүм... Кош Жаркын, жаткан жериң жайлуу, топурагын торко болсун... Башкасын билбейм, бирок миңдеген аксылыктардын эсинде түбөлүк жашаарыңызды билем, топурак салалбаганыма кейийм... Жаркындын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, кайгыңарды тең бөлүшөм....

Меңди Мамазаирова, акын, драматург: “Жаркын, “ЖАЛЫНДАН” айрылдык...”

- Такыр ишене албай, жиндидей болуп атам. Жакында Бишкекке келем деп атпады беле. Акыркы үнү соткамда калды. Жаркындын журналисттик, атуулдук позициясы айрыкча, 90-жылдагы Ош окусында жарык жанган эле. Эч нерседен тартынбай, түрмөлөргө чейин барып, кыргыз балдардын, болгондо да адилетсиз камалган балдардын тагдыры менен күрөштү. Өлүм жазасына кеткен балдарды, чуркап жүрүп, алардын күнөөсүздүгүн айгинелеп, сууруп чыкты. Жаркындын эрдигин телеочерк кылып тарттым. Ошол сакталып калды бекен? Ошол балдар үчүн ыйлаган жерлери бар эле...

Баткен окуясына барам деп, Зарина кызын коерго жер таппай атканда барба деп уруштум. “Барбайм”- деди. Кечинде жаңылыктардан анын Баткенде жүргөнүн көрдүм...

Мындай жалын жүрөк ... Кийин Эгизбаевден байкагам.

Жаркындын жүрөгү анан кантип оорубайт?

Жаркындын бул эмгегин эл баалады, бирок, бийлик баалаган жок...

Жаркын тууралуу жазуу өтө оор жана кыйын... Жана көп убакытты талап кылат.

Жаркын боорукер, адамгерчиликтүү эле. Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаеваны өтө сыйлачу. Эже Көлдөн келгенде Жаркындын үйүнө барчу. Анда анын жеке өзү үчүн, өзүнчө төшөнчү, шейшептери катылуу, даяр эле. Эжеге ар келгенде татынакай сумка, боегучтар, бетмай-упалары, ич кийим, сырт кийим камдап койчу. Менин кызым Түркияда жүргөндө мага да аны-муну, аялдарга керектүүлөрдү белек деп шылтоо менен бере берчү. Мени дайыма саунага алып барчу. Колу бошоп алып бара албай калганда, үстөгү менен алып барам деп, өзүнөн өзү эле күнөөлүү болуп, айып тарта берчү. Эми кайсы бирин айтайын. Келет деп күтүп атпадык беле Тамара экөөбүз. Кантип эле анын жүзүн эч жерден көрө албай калдыкпы?

 

Бекташ Шамшиев, адабиятчы, журналист: “Асыл курбубузду, жарык жүздүү кесиптешибизди табият да жоктоп жатты”

- Жекшембиде Жаркынды түбөлүк жайына бердик. Анын айылы булут челген бийик тоонун арасы, ошого ылайыктап Тоо-Дыйкан деп атап коюшса керек. Көк тиреген бийик тоонун боорундагы айыл мүрзөсүнө жанындай көргөн апасынын жанына коюлду.

Үстүндө кабак бүркөгөн асман турду, казганактап чогулган эл бир ууч топуракты салып, ар кимибиз өзүбүз билген Жаркын Суран кызын, журналистиги менен укук коргоочулугу, адамгерчилиги менен кесиптик чебердиги жуурулушуп кеткен, дүйнөгө чанда бир келчү боорукер асыл жанды кара жер алдына жашырып артка кайттык.

Тоо боорунда кысылган кыштакта төрөлүп, колоту сайын булкунуп аккан суусу менен жыш өскөн токой арасында өсүп, пейили кенен табияттан бийиктик менен көктүктү, берешендикти, намыскөйлүктү жан дүйнөсүнө сиңирип алган тоо кызын, өзүнөн мурун өзгөлөрдү көп ойлогон айкөл бир жанды ээсине берип, анын төрөлгөн жеринин топурагын жазданган түбөлүк жайын үшкүрө карап артка кайттык.

Аяк-башы көрүнбөй созулган эл арасында баратып бул айылга Жаркындын апасы кайтыш болгондон кийин келгенибизди эстедим.

Тоо-Дыйкандын түгөнбөчүдөй көрүнгөн бийик жарлуу жолунан түзгө түшүп Өзгөнгө келгенибизде бүркөлүп турган асман көз жашын төгүп, буулуккан ыйын токтото албай жамгыр күчөп кирди. Жол бою Жаркындын улам бир жоругун ойлоп, бул өмүрдүн катаал мыйзамына айласыз баш ийип, Ырысбай аке, Кубат, Бурулкан, Замира болуп кандай керемет жандан айрылганыбызга ишенип-ишенбей келдик.

Аба майданга түшкөнүбүздө күн себелей баштады эле аздан соң жамгыр токтоно албай төгүп кирди.

Асыл курбубузду, жарык жүздүү кесиптешибизди табият да жоктоп жатты. Ушу тапта асылган дарт менен алышып жаткан Жаркындын жары Жаныштын табияттан шыпаа болуп айыгып кетишин тилеп отурам.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити