УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.
Анда катышкандар кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын жыйынтыгы тууралуу протоколду талкуулашты. Эске салсак, протоколго ушул жылдын 25-мартында Өзбекстандын Ташкент шаарында кол коюлган.
"Бардык чечимдер мамлекеттин, чек ара аймактарында жашаган жарандардын кызыкчылыгына ылайык кабыл алынды жана мындан ары да ушундай болот. Протоколдун ар бир пункту чоң талашты жаратты, чоң аракет, күч менен биз мамлекеттин ар бир метр жерин коргодук. Учурда эл арасында толук маалымат албай туруп, кандай болгонун билбей туруп мени сындагандар көп. Мен өкмөттүк делегациянын жетекчиси катары өзүмө чоң жоопкерчиликти алдым жана убакыт баарын ордуна коеруна ишенем. Кийинчерээк, бул тарыхый окуя болгонуна көздөрү жетет", - деди Ташиев.
Ошондой эле, ал мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары эл ичинде түшүндүрүү-маалыматтык кампанияны күчөтүү керектигин белгиледи.
"Элге тастыкталган маалымат жетпей жатат. Мен бардык аймактарды кыдырып чыктым, бирок бул аз, ар бир адам менен жолугуп, алардын тилинде түшүнүктүү кылып маалыматты жеткирүү керек. Мааымат элге жеткенден кийин гана кабыл алынган чечимдерге болгон күмөн жоголот", - деди УКМКнын төрагасы.