Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү маалымдайт.

“Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айылынын жанында Чу дарясынын жээгинде “Чекиш-Ата” ЖЧКсы жүргүзүп жаткан иштер республиканын чек ара мыйзамын бузбайт, себеби бул аймак чек ара тилкесине кирбейт, ал эми чек ара сызыгы бул участокто Чу дарыясынын ортосу менен өтөт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, КР УКМК Чек ара кызматы чарбалык иштерди жүргүзүүгө уруксат берилген кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы чек арага канатташ аймактардагы абалга көзөмөл жүргүзүп келет.

Булак: Кабар