Азырынча өлкөдө карантин киргизилбейт, деп билдирди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.
«Президент, премьер-министр, өкмөт азырынча карантин болбойт деп чечишти. Өткөн жылы өлкөдө карантин жарыяланып, донорлордон көп насыя алынган (56 млн доллар). Бул акча төлөнүшү керек. Ушуну эске алып, азырынча карантин киргизбөөнү чечтик», - деди министр.