«Бул унаалар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен республиканын аймагына алынып келгендиктен каттоого коюлбайт.

Нотариустар абхаз номурлуу автоунаалар менен байланышкан ишеним каттарды тариздөө боюнча нотариалдык аракеттерди жасабашы керек», - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Ошондой эле өлкөнүн аймагында оң рулдуу унааларды баштапкы каттоого да тыюу салынган.

Булак: Баракелде