Печать
Категория: Коом
Просмотров: 85

"Кыргызстандын аймагында болуп жаткан кылмыштардын 80-85 пайызы милиция кызматкерлеринин моюнунда. Өзгөчө тергөөнүн абалы бүгүн абдан оор. 2019-жылы күчүнө кирген жазык-процессуалдык Кодекстин кемчиликтери көп. Анын бири, тергөөчүдө бүгүнкү күндө 500-600 тергөө иштери топтолуп турат. Бул эртең оңолот, калыбына келет деген кепилдик жок. Күн өткөн сайын чогулганы чогулган, көбөйгөнү көбөйгөн. Дагы бир кемчилиги, тергөө менен келишим түзүү деген берене. Бул берене айыпталуучуга, жабырлануучуга курал катары колдонулуп жатканы жашыруун эмес. Бизге сунуштаган учурда гуманизацияны убада кылган Кодексте анын жыты да жоктугун билдик. Мурдагы Кодекстерге кайтыш керек", - деди депутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин жыйынында.