Болуп ѳткѳн шайлоо шайлоочулардын кайдыгер болуп баратканын дагы бир ирет кѳрсѳттү. Же жыл ѳткѳн сайын шайлоо участокторуна барып, ѳздѳрүнүн эрктерин билдирүүнү каалагандардын саны азайгандан азайып баратат.
Аргасыздан шайлоочулардын аз келгенине карабай шайлоо ѳттү деген жыйынтык чыгарганга ѳттүк. Бул ѳлкѳдѳгү саясий абалды турукташтыруу үчүн жасалып жаткан аргасыздык кадам болгону менен түпкүлүгүндѳ шайланып келген бийлик бутактарынын легитимдүүлүгүнѳ кѳлѳкѳ түшүрбѳй койбойт.
2010-жылдагы референдумга 1,9 млн. шайлоочу катышкан болсо, 11-апрелдеги референдумга 1,3 млн. шайлоочу катышты. Ошол эле мезгилде 2010-жылы калктын саны 5,4 млн. болсо, азыр 6,6 млн. адамды түзѳт. Бул шайлоочулардын активдүүлүгү тѳмѳндѳп бараткандыгынын анык далили эмей эмне?
“Референдум аркылуу ѳлкѳдѳ ѳзгѳрүү болоруна элде ишеним калбай баратканбы?”- деген суроо берүүгѳ аргасызбыз. Себеби, 2010-жылдагы референдумда 158 миң шайлоочу каршы добуш берсе, бул жолу 177 миң шайлоочу Баш мыйзамды ѳзгѳртүүгѳ каршылыгын билдиришкен.
Баарынан кызыгы, 2010-жылы 27 миң бюллетень жараксыз деп табылса, 11-апрелдеги референдумда 90 миңден ашуун бюллетень жараксыз деп табылган. Бул ѳтѳ чоң кѳрсѳткүч. Суроо туулат, шайлоочулардын алешемдиктеринен улам бюллетендер жараксыз болуп калдыбы? Же муну менен референдумга карата позицияларын билдиришкенби? Анализ жүргүзүп, баа берип, жыйынтык чыгарчу маселе…
Булак: “Майдан. kg” гезити